Буга чейин соцтармактарда “Айдаркенде бала бакчанын тарбиялануучулары Каабанын макетинин айланасында тегереништи” деген видео тараган. Айдаркен шаарындагы “Сумая” бала бакчасында 6-май күнү, Орозо Айт майрамга карата балдарга ажылык сапарында жана Умра сапарында аткарыла турган зыярат жөнүндө түшүнүк берүү максатында ачык саат уюштурулуп, ачык саат учурунда балдар бакчасынын ичине жасалган Каабаны айланып келме айтышкан учурду тарбиячысы видео тасмага тартып, ата-энелерге отчет иретинде ватсап группасына жөнөткөн. Бул видео учурда социалдык тармактарга таркап, коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда.
Кыргыз Республикасынын делегациясы Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнатына катышты
Казакстандын Алматы шаарында казак элинин көрүнүктүү акыны, жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнаты өттү. Акыркы сапарга...












