Милиция: «Балдар Каабанын макетин айланган бакчанын диний мекемелерге тиешеси жок»

«Балдар Каабанын макетин айланган бакчанын диний мекемелерге тиешеси жок». Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан маалымдашты.

Буга чейин соцтармактарда “Айдаркенде бала бакчанын тарбиялануучулары Каабанын макетинин айланасында тегереништи” деген видео тараган. Айдаркен шаарындагы “Сумая” бала бакчасында 6-май күнү, Орозо Айт майрамга карата балдарга ажылык сапарында жана Умра сапарында аткарыла турган зыярат жөнүндө түшүнүк берүү максатында ачык саат уюштурулуп, ачык саат учурунда балдар бакчасынын ичине жасалган Каабаны айланып келме айтышкан учурду тарбиячысы видео тасмага тартып, ата-энелерге отчет иретинде ватсап группасына жөнөткөн. Бул видео учурда социалдык тармактарга таркап, коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратууда.

Милициядан “Сумая” балдар бакчасы орус тил багытындагы бакча экендигин, эч кандай диний мекемелерге тиешеси жоктугун маалымдашты. Бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп, материал 31-май күнү Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат.