Милиция: «Бишкектен Ат-Башыга каттаган маршруттук унаанын айдоочусу баңгизат чегип алып, каттамга чыккан»

Коомдук тронспортторга карата жүргүзүлгөн рейд учурунда баңгизат чегип алып каттамга чыккан айдоочулар да аныкталды. Жалпысынан 110 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү таң эрте шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унааларды, кичи автобустарды жана троллейбустарды текшерүүгө алып, бир канча кемчиликтерди аныктаган.

Текшерүү учурунда эртең менен каттамга чыгаарда наркология бөлүмүнөн жана техникалык көзөмөлдөн өтүүсү, ошондой эле коомдук унаанын санитардык абалы талаптарга ылайык келүүсү каралып, техникалык жактан кемчиликтер, мыйзамсыз орнотуп алган кошумча жабдыктар өңдүү жана башка укук бузуулар аныкталды.

Жыйынтыгында, Ат-Башыга каттаган №575 маршруттук унаанын айдоочусу баңгизат каражаттарын чегип алып каттамга чыккандыгы аныкталып, тийиштүү протокол толтуруу менен унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулду. Андан сырткары терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан троллейбустар, техникалык бузуктары жана кошумча жабдыктар менен жабдылган маршурттук унаалар аныкталып, жалпысынан 110 миң сомго айып салынган.