Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымат таратып, социалдык тармактарда эски виделорду жана маалыматтарды колдонуп, элдин тынчтыгын жана бейпил жашоосун бузууга аракет кылып жаткандар болуп жатканын билдирди.
«Мындай жалган маалыматтарга ишенбеңиздер! Учурда Ысык-Көлдө элдер чогулуп жатат деген видео менен жалган маалыматтар таркатылып жатат. Бирок аймакта абал тынч жана көзөмөлдө. Ар кандай провокацияларга жана жалган маалыматтарга алдырбоо зарыл. Коомдук пикирди бурмалап, туура эмес маалыматтарды таркатууга жол берилбейт. Жалган же бурмаланган маалыматтарды таркаткан жарандар жана юридикалык тараптар мыйзам алдында жооп берет», — дешти.