Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган жок.
«Биз азыр ар бир эмделген адамдын аты-жөнүн билебиз. Алардын бардыгы дарыгерлер. Азырынча башка мекемелердин кызматкерлерине эмдөө жасай элекпиз», — деди министр “Биринчи радионун» эфиринде.
Елена Баялинова социалдык тармакта Бактияр Шакировдун биринчилерден болуп эмделгенин, ал «Синофарм» вакцинасын алгандан кийин көз жумганын жазып чыкты.









