Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жаман ишке барганы биз үчүн өтө уят. Бул тууралуу ИИМ башчысы Улан Ниязбеков 13 жаштагы кыздын колдон колго өтүп зордукталышы боюнча комментарий берип жатып билдирди.
«Аныктаган соң, өзүбүз кызматкерлерди кармап, камап, сотко өткөрүп бергенбиз. Акыркы чечимди сот чыгарат»,- деди ал.
2021-жылдын сентябрь айынан ушул жылдын февраль айына чейин 13 жаштагы кыз колдон колго өтүп зордукталып келген. Кыздын атасынын айтымында, эки милиция кызматкери, “Дордой” базарынын кароолчусу жана 20 жаштагы жигит «кулакчын уурдоого аракет кылдың, камаласың» деп коркутуп зордуктап жүрүшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан корголгондун ордуна, кыздын кордолгонуна учурда коомчулук нааразы. SUPERTV телеканалына кыздын ата-энеси окуя кандай болгонун баштан-аяк айтып беришкен.










