Кечээ, 5-ноябрда социалдык тармактарда окуучунун апасы окуучулардын көзүнчө мугалимди урушуп, ыйлатып жаткан видео тараган. Видео боюнча билим берүү министрлиги үн каткан. Ошондой эле билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева пост жазды.
“Мугалим жалдап алган кул же малайың эмес! Эч ким эч качан сабак өтүп жатканда класска киргенге акысы жок! Өзгөчө окуучулардын жана ата-энелердин алдында басмырлоого жол берилбейт. Укук коргоо органдары баа берет деп ойлойм жана жеке көзөмөлгө алдым. Мугалим керек болсо учурда ата-энеден ашса ашат, бирок кем калбай балдарга тарбия жана билим берип жатат», — деди ал.