Кечээ, 9-октябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен депутат Надира Нарматованын сүйлөшүүсүнүн видеосу тараган. Видеодон Надира Нарматованын тууганы үчүн министрден жумуш орун сурап жатканын угууга болот.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги видео боюнча комментарий алуу үчүн министрге кайрылганыбызда, жумуш ордун ооруканадагы башкы дарыгер чечерин айтты.
«Ооруканада орун болсо алат, болбосо албайт. Аны башкы дарыгер чечет да. Квалификациясы туурабы карайт. А мен болсо жөн эле багыттама бердим. Аны башкы дарыгер карап, дал келсе алат, дал келбесе албайт»,- деди Алымкадыр Бейшеналиев.










