Министр: «Ош шаарына жаңы РЭТ курулат, ылайыктуу жер табылды»

«Ош шаарына жаңы РЭТ курулат, ылайыктуу жер табылды». Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Ош электр» ААКнын жана Ош Жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кызматкерлерине Энергетика министрлигинде аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу айтып бердим. Бир кезде Ош шаарында адис катары иштеп жүрүп, көп нерсени үйрөнгөн элем. Биз ага жаңы РЭТ (РЭС) куруп берүүнү пландап жатабыз. Курулушка ылайыктуу жерди таптык. 1-апрелге чейин капсула салууга үлгүрөбүз деген үмүттөмүн», — деп жазылат билдирүүдө.