Министр: «Санитардык-эпидемиологиялык башкармалыктан көзөмөлдү күчөтүүсүн талап кылам»

Кечээ, 10-декабрда саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова атайын пландан тышкары биздин ооруканалардын шарттарын, бейтаптардын абалын текшерип келүү менен биргеликте, ооруканалардагы көйгөйлөр менен жакындан таанышып чыкканын билдирди.

Анын айтымында, жарандар менен саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин байланышын түзөө максатында борбор калаадагы №3 Бишкек шаардык балдар ооруканасына барганда, бейтаптардын арасында Аниса Момунтаева аттуу айым кайрылып, шаарда көп кабаттуу турак-жайда жашарын, айбанаттарды бакпасын билдирип, ошого карабастан баласынын эхинококкоз оорусуна чалдыгып калганын айткан.

«Эхинококкоз оорусу тууралуу айта турган болсок, бул ооруну айбанаттардан, алар менен болгон байланыштарда (кармоо, ойноо) ошондой эле ошол оорууну алып жүргөн жандыктын этин пайдаланган учурларда кезигет. Мен жогоруда белгилеп айтып кеткен Аниса айымдын баласындагы эхинококкоз оорусунун пайда болуусуна оорулуу мал этин пайдалануу ыктымалдуулугу жогору. Мына ушундай себептерден улам базарлардагы, же башка жайларда сатылган мал эттеринин санитардык нормаларга жооп берүүсүн жана жарандарыбыздын саламаттыгын алдын алуу чараларын эске алуу менен Санитардык-эпидемиологиялык башкармалыктан көзөмөлдү күчөтүүсүн талап кылам жана бул жаатта дагы текшерүүлөр болоорун билдирем», — деп жазылат министрдин билдирүүсүндө.