Социалдык тармактарда сөгүш алган саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевдин президентти күлдүргөн видеосу тарады. Видео Жалал-Абаддагы Эне жана баланы коргоо борборунун ачылышында тартылган.
Анда президенттин министрди карап, «айттырбай эле ошонун баарын жасап койбойт белең» дегенин угууга болот. Ага министр «жок, рахмат сөгүшкө дагы» деп жооп берди. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «анча-мынча алып турган жакшы» деп күлгөн.
Жапаров 8-майда Республикалык диагностикалык борборуна пландан тышкары барган. Мамлекет башчысына жүрөктүн оор патологиясынан жабыркаган 24 бала операцияны күтүп жатканы маалымдалган. Операция башталгандан бери акыркы күндөрү балдар өлүмүнүн үч кайгылуу учуру катталганы да айтылган. Мындан улам мамлекет башчы өтө катуу нааразычылыгын билдирип, саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевди шалаакылык жана жол берилгис жоопкерчиликсиздиги үчүн кескин сынга алып, сөгүш жарыялаган.
23-июлга караган түнү өлкөнүн аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп,...
Бүгүн, 22-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан 9 кабаттуу, 936 батирлүү үйлөрдүн курулуш...
ӨКМге караштуу Терең суу шайма-шай бекетинин суучулу Искендер Рысалинов суучул кесиби тууралуу кеңири маек куруп берди.“2-3 жыл мурда Аламүдүн капчыгайындагы...
Бишкектеги Курчатов көчөсүндө жайгашкан балдар үйүнүн тарбиялануучулары изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 21-июль күнү саат 12:30 чамасында...
Бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад шаарындагы Бакиев көчөсүндө жайгашкан “Токтогул” эс алуу жайында өрт чыккан. Жерине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков барды. Шаар...