Министр: «Сүйлөшкөн кызы шакегин берип жиберип, аскер ошол үчүн атынып өлүп жатса Коргоо министрлиги күнөөлүүбү?»

Мектепте аскерге даярдык физикалык эмес, руханий жактан жүргүзүлөт. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов 13-сентябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

«Эгер мен армияга барсам, өлөм деп келсе, анда ошол жерде өлөт», — деди ал.

Депутат Эмил Токтошев «анда чыдабай суицидге барат экен да ээ?» деген суроо салды.

«Эки окуя катталган. Бирөөндө кызына (ред. сүйлөшкөн кызы) шакегин берип кетет, кызы ал шакегин берип жиберет. Шакекти коюп туруп, атынып өлүп жатат. Ошого Коргоо министрлиги күнөөлүүбү?» — деди ал.