«Министрдин кызынын махабатындагы» Каным: «Үйдө отура берген адам көп нерседен артта калып калат деген чын экен»

«Үйдө отурган жагып эле жатат» дейт «Министрдин кызынын махабаты» тасмасындагы Канымдын образын жараткан Махабат Назаралиева маек берип жатып.

«Эми эшикке чыгып иштеш керек болуп калды. Элге аралашыш керек. Анткени үйдө отура берген адам көп нерседен артта калып калат деген чын экен. Тартынып, адамдар менен тил табыша албай калат экенсиң»,- дейт ал.