Тергөө учурунда маалыматты ачыкка чыгаруунун кереги жок, тергөөнүн сыры бар. Бул тууралуу ИИМ министринин биринчи орун басары 16-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында 7 жаштагы кыздын 13 жаштагы эжеси тарабынан өлтүрүлүшү боюнча комментарий берип жатып билдирди.
«Кыз өспүрүм болгондуктан, ал тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүгө тыюу салганбыз. Тергөө иштери аяктагандан кийин толук маалымат беребиз. Экспертиза даяр, далилдер бар, тергөө уланууда», — деди ал.
Буга чейин депутат Аида Исатбек кызы кыздын өлүмү боюнча бир дагы мамлекеттик орган үн каткан жок деп нааразы болгон.