Министрлер кабинетинде бизнес-коомчулук менен Салык кодексине өзгөртүү киргизүү талкууланды

Бүгүн, 1-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өлкөнүн бизнес-коомчулугу менен жолугушту. Анда өлкөдөгү экономикалык абалдын актуалдуу маселелери, Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр жана өлкөдөгү жалпы бизнес климат талкууланды.

«Инвестициялоо жана ишкерлик жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана аны жакшыртуу боюнча активдүү кадамдар жасалууда. Ошол эле учурда биз мамлекет менен бизнес бири-бири менен эриш-аркак мамиледе болгон тең салмактуулукту жактайбыз”, — деди Касымалиев.

Ал кошумчалагандай, эффективдүү салыктык башкаруунун аркасында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жетише алдык, бул өз кезегинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын, социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды жогорулатууга, ошондой эле бир катар социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берди.

Жыйындын жүрүшүндө Салык кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча бизнес чөйрөнүн кооптонуусу да айтылды. Касымалиев чечимдерди кабыл алууда компромисске баруу зарылдыгын белгилеп, ошондой эле бардык өзгөртүүлөр бардык тараптардын, анын ичинде бизнестин пикири эске алынып кабыл алынаарын белгиледи.