Билим берүү жана илим министрлиги 1-класстын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумалык каникул берилерин жана анын күндөрүн ар бир регион өз алдынча аныктай тургандыгын билдирди.
Кошумча каникулду райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары ар бир аймактагы аба-ырайынын шарттарына, эпидемиологиялык кырдаалдарына жараша 2024-жылдын 15-январынан 21-мартына чейинки аралыкта белгилей алат.