Министрлик 1-майдан тарта электр энергиясына тарифтерди көтөрүүнү сунуштоодо

2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Бул токтомдун максаты жана милдеттери электр энергиясынын тартыштыгынын шартында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, ошондой эле энергия менен жабдуучу ишканалардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу болуп саналат. Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы тарифтерди сунуштай элек. Болгону аларды киргизүүнүн мөөнөтүнө карата өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

Аталган тарифтик саясат 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөрдүн топтору үчүн инфляциянын деңгээлине жыл сайын түзөтүүлөрдү киргизүү менен тарифтерди белгилөөнү карайт. ОМТСке ылайык тарифтерге түзөтүүлөрдү киргизүү 2024-жылдын 1-июнунан тартып каралганын белгилеп кетүү керек.

Энергетика тармагындагы акча тартыштыгын жабууга кошумча каражаттарды алуу максатында электр энергиясынын тарифтерине түзөтүүлөрдү киргизүү мөөнөтүн 2024-жылдын 1-июнунан 2024-жылдын 1-майына жылдыруу долбоор тарабынан сунуш кылынат.