Коргоо министрлигинин уюштуруу-мобилизациялык башкы башкармалыгынын аскерге чакыруу бөлүмүнүн башчысы Уланбек Урманбетов дунган жана өзбек улутундагы жарандардын көбү эмне үчүн аскердик кызматты өтөбөй жатканын айтып берди.
“Биринчи радионун” эфиринде дал ушул боюнча көп суроолор болуп жатканын айтты.
«Мониторинг жүргүзүп, бул улуттун өкүлдөрүнүн көбү 7-8-класска чейин гана билим алып, андан кийин окуусун таштап кетип жатканын көрүп жатабыз. Биздин директиваларга жана жоболорго ылайык, 9-класстан кем эмес бүтүргөндөр гана кызматка кабыл алынат. Ошол себептүү аларды аскерге чакырууда кыйынчылыктар бар, өзүбүздүн критерийлерибиз бар», — деди Урманбетов.









