Министрлик: "Билим берүү мекемелеринде да жатакана, тамак-аш уюштурулуп жатат"
Мекендештерибизге жардам берүү максатында билим берүү мекемелеринде да жатакана, тамак-аш уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Учурда Ош шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан төмөнкү даректер боюнча мекендештер жатакана үчүн кайрылса болот:
- ОшМУ - 555 01 54 02
- ОшТУ - 0777 14 41 24
- КУУ - 0553 24 02 50
- ОМПИ - 0778 36 11 37
- Ош соода-экономикалык колледжи - 0500 73 13 54
- Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы - 0778 24 00 10.
"Баткен облусундагы билим берүү мекемелеринде кечээ күндөн бери күтүүсүз окуядан улам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон мекендештер үчүн башпаанек уюштурулууда. Алсак, Баткен районунда 54 мектеп, 48 бакча жабылган. 6 мектеп жана 5 бала бакчага эл жайгаштырылды. Мындан сырткары, 4 мектеп жана 3 бала бакча элди кабыл алды", - деп айтылат маалыматта.