Министрлик гүл боюнча: «Биз спортчу кыздарыбыздын баарын бирдей сыйлайбыз жана алар менен сыймыктанабыз»

Казакстанда өткөн Азия чемпиондугунда мекенибиздин туусун желбиреткен, сыймыктуу кыздарыбызды 13-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунан Маданият министринин орун басары Марат Тагаев жана Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов баш болгон делегация тосуп алышкан. Сүрөттөрдөн Мээрим Жуманазарованын колунда гүлү жогун байкашкан интернет колдонуучулар тарабынан министрликке карата сын пикир айтылды. Сын пикирлерге  Маданият министрлиги билдирүү таратты.

«Гүл кыздардын баарына берилген. Сүрөттө Мээримдин гүлүн жанындагы кыз кармап турганы көрүнүп турат. Биз спортчу кыздарыбыздын баарын бирдей сыйлайбыз жана алар менен сыймыктанабыз», — дешти.