Мирлан Бакиров Атамбаевдин атасынын үйүнүн конфискацияланышы тууралуу комментарий берди

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин атасынын үйүнүн конфискацияланышы тууралуу комментарий берди.

Анын айтымында, Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин үйдү конфискациялаганы тууралуу маалыматтар тастыкталган эмес. «Бизде турак үйдү конфискациялайт деген маалымат жок. Демек Арашан айылындагы үй сот органдары тарабынан берилген баракчанын тизмесинде жок. Тизмеде жер тилкеси, Кой-Таш айылындагы эс алуу комплекси, көп жылдык көчөттөр бар, бирок үйдүн өзү тизмеде жок», — деди Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси.