Abank
SerepTV Logo

Митингден таанышып, баш кошкон түгөйлөр: "Октябрь революциясында кайрадан көрүшүп, кийин кыз-жигит болуп калдык"

Митингден таанышып, баш кошкон түгөйлөр: "Октябрь революциясында кайрадан көрүшүп, кийин кыз-жигит болуп калдык"
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги сиздерге митингде таанышып, кийин баш кошушкан жаш түгөйлөрдүн сүйүү баянын айтып берет. Заман Турсунбеков менен анын жубайы 2020-жылы сентябрь айында болуп өткөн митингде таанышышкан. Андан кийин октябрь айындагы башаламандыкта экинчи жолу көрүшүп калышкан. "Биз 2020-жылы сентябрь айында митингде таанышканбыз. Ал Марат Аманкуловдун "Биз Орусияга кошулушубуз керек" деген сөзүнө каршы чыккан митинг болчу. Бирок акциядан кийин сүйлөшкөн деле эмеспиз. Экинчи жолу октябрь айында революциядан кайра жолукканбыз. Анда ыктыярчылар болуп чогулуп, маалымат таратып, жардам бергени чогулгандардын арасында экөөбүз бар болчубуз. Ошондон кийин жакшыраак таанышып, жарым жылдай жөн эле жумуштан кийин жолугуп, кофе ичип жүрдүк. Кийинчерээк кыз-жигит болуп мамиле кура баштадык. 1,5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, 2022-жылдын 31-июлунда баш коштук. Ошентип, биздин жолдор биринчи жолу митингден болсо, экинчи жолу революциядан кесилишкен", - дейт Турсунбеков. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="136576,136577,136578"]