Мораторий жокко чыгарылды. Массалык ууланууга байланыштуу өлкөдөгү бардык тамактануучу жайлар текшерилет

Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объекттерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин 2018-жылы бизнести коргоо максатында киргизилген мораторий бүгүн, 25-октябрда жокко чыгарылды. Бишкектеги акыркы окуяларга байланыштуу бардык тамактануучу жайлар текшерилет.

Бишкектеги массалык уулануудан ооруканага кайрылгандардын саны 118 адамга жетти. Алардын «Империя пиццы» тамактануучу жайынан роллдорду жегени айтылган.