Москва-Ош багыты боюнча каттамдардын саны көбөйүүдө

Москва-Ош багыты боюнча каттамдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Орусиялык «Победа» авиакомпаниясы Кыргызстанга каттамдарды аткара баштаган. Москва («Внуково» аэропорту) – Ош багыты боюнча каттамдар 26-апрелде башталып, күн сайын каттайт. Билеттерди сатуу учурда жүрүп жатат жана жеткиликтүү.