Москвада Жеңишбек аттуу таксист пенсионерге акчасын шылуундардан кайтарып берди

Москвада таксист 84 жаштагы пенсионерге 500 миң рубль акчасын алдатпоого жардам берди. Бул тууралуу 112 Telegram-каналы билдирди.

Окуя болгон күнү Жеңишбек аттуу таксист пенсионерден баштыкты алып, айтылган дарекке жеткирип бериши керек болгон. Ал баштыкта акча бар же жогун сураганда, акча жок экенин айткан. Жолдо бара жатканда баштыкты алуучулар бат-баттан чалып, күмөн жараткан. Анда таксист алдамчылар болушу мүмкүн экенин түшүнүп, баштыктын ичин текшерген.

Акчаны көргөн Жеңишбек шылуунга бош баштыкты берип, пенсионерге кайтып келген. Бирок ал кемпир эшикти ачкан эмес. Таксист полицияга чалып, үйүнүн кире беришинде укук коргоо кызматкерлерин күтө баштаган. Милиция акчаны ээсине өткөрүп берип, полиция телефон шылуундарды издей баштады.