Москвада пенсионерге акчасын шылуундардан кайтарып берген Жеңишбек Кабылов окуя тууралуу айтып берди

Буга чейин Москвада таксист 84 жаштагы пенсионерге 500 миң рубль акчасын алдатпоого жардам бергени маалым болгон. Окуя болгон күнү Жеңишбек аттуу таксист пенсионерден баштыкты алып, айтылган дарекке жеткирип бериши керек болгон. Жолдо бара жатканда баштыкты алуучулар бат-баттан чалып, күмөн жараткан. Анда таксист алдамчылар болушу мүмкүн экенин түшүнүп, баштыктын ичин текшерген.

Акчаны көргөн Жеңишбек шылуунга бош баштыкты берип, пенсионерге кайтып келген. Таксист полицияга чалып, үйүнүн кире беришинде укук коргоо кызматкерлерин күтө баштаган. Милиция акчаны ээсине өткөрүп берип, полиция телефон шылуундарды издей баштаган. 

Кыргызстандык Жеңишбек Кабылов тууралуу Орусиянын телеканалдарынын бири сюжет жасады. Анда Кабылов окуя тууралуу кенен айтып берген.