Москвадагы соода борбордо ысык суу түтүгү жарылган. ТИМ маалымат таратып, жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.
«Тышкы иштер министрлиги Москва шаарындагы «Времена Года» соода борборундагы ысык суу түтүгү жарылып кеткен окуя боюнча Орусиянын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирет. Министрлик кырдаалга көзөмөл жүргүзүүнү улантууда»,- деп айтылат маалыматта.