Муфтий дин кызматкерлерине Орусиядагы жол кырсыкта каза болгондорго багыштап куран окууну тапшырды

Муфтий Замир Ракыев Ульянов облусундагы М-5 “Урал” автожолунда болгон жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Жараткан ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Бул каргашалуу кырсыкты жалпы мусулмандар жана кыргыз эли оор кайгы менен кабыл алып, мекендештерибиз үчүн оор жоготуу деп билем», — деп айтылат маалыматта.

Муфтий Замир Ракиев өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлерине хатм куран окуу боюнча тапшырма берди. Окулган хатм курандын сообу маркумдарга багышталмакчы.