Муфтият "медресени бүткөн кыздар дароо күйөөгө тийип кетишет" деген депутатка жооп берди
Кечээ, 25-январда депутат Динара Ашимова Жогорку Кеңештин жыйында кыздар диний гана билим алып, кийин иштеш үчүн эч бир адистикке үйрөнбөй жатканын жана кооптуу тенденция жаралганын айткан.
"Медресени бүткөн кыз-келиндердин адистиги жок болуп, кийин иштей албай жатышат. Көп кыздар экстремисттик агымдарга кетип калышууда. Дин комиссиясы ошол жакта иш алып барбай жатат. Кыздар дароо күйөөгө тийип кетишип, ажырашуулар, зордук-зомбулук көп болууда", - деген ал.
Муфтият депутатка жооп берди.
1. Өлкө аймагында диний окуу жайлардын 25 пайызын гана кыз-келиндер окуу жайлары түзөт.
2. Муфтият өзүнүн алдындагы диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калбашы үчүн атайын «Кесиптик билим берүү» долбоорун демөөрчүлөр менен бирге ишке ашырып, бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү 28 диний окуу жайда кошумча кесиптик билим берүү курстары ачылган. Атап айтсак: “Ашпозчу-кондитер”, “Ширетүүчү”, “Электромонтажник, “Тикмечи”, “Бал челекчи”, “Тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “Эмерек жасоочу уста”, “Слесарь-сантехник” жана “Компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багытында үйрөтүлүп, студенттер үч айдын ичинде кесипке ээ болуп сертификаттарды алышууда. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн 65 пайызы жумуш менен камсыз болушкан.
3. Диний окуу жайларды иретке келтирип, шарттарын жакшыртуу менен билим алуусун камсыздоо максатында 2023-жылдан бүгүнкү күнгө чейин атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, өлкөдөгү диний объектилер жана окуу жайлар текшерилип келет. Текшерүүдөн өткөн диний окуу жайлардын кызматкерлеринин билимин атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия текшерүүдө. Мындай текшерүүлөр буга чейин Аалымдар Кеңеши, Муфтият тарабынан да жүргүзүлүп келген.