Мугалимден токмок жеген окуучу кыз: «Эжей менин үй-бүлөмө асылды»

Социалдык тармактарда Сузакта мугалимден токмок жеген окуучунун окуя боюнча айтып берип жаткандагы видеосу тарады. Анда окуучу кыздын «эжей «сволочь» деп үй бүлөмө асылды» дегенин угууга болот.

«Бир бала мага карандашымды алып, тийишкен болчу. Кызы мени сөктү. «Эжеке кызыңызды тыйып коюңузчу, мени сөгүп жатат» десем, «сволочь» деп кыйкырды. Анан «оозуңузга карап сүйлөңүз» дедим, өзүм деле түшүнбөй калдым, уруп салды. Үй-бүлөмө асылып кирди. Сабак бүтөрдө мени директордун бөлмөсүнө алып кирди. Завучка болгонун айтайын десем, башыма урду.  Кечээ начар сезгем, бүгүн жакшымын», — деди кыз.