Бишкектеги мектептердин биринде окуучунун апасы менен мугалимдин ортосунда уруш чыккан видео социалдык тармактарга тараган. Видео боюнча факты Ленин РИИБге катталып, териштирүү башталган.
Мугалим да, окуучунун апасы да Ленин РИИБге жеткирилип, мугалим окуучунун апасынын үстүнөн арыз жазган. Мыйзам бузуулар кодексинин 102-1-беренеси менен протокол толтурулган. Иш сотко өткөн.
102-1 беренесине ылайык аялга эскертүү берилет же 1000 сом айып салынат. Милициядан муну сот чечерин белгилешти.