Мурдагы депутат Аалы Карашевдин апасы Калия Карашева 76 жашында көз жумду.
Карашева Эл агартуунун отличниги, маданияттын мыктысы, белгилүү кол өнөрчү жана сүрөтчү болгон. Ал 1946-жылдын 5-июлунда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Орток айылында туулган.
Бишкек шаарындагы №5 Пушкин атындагы орто мектебинде билим алып, окууну Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда улантып, аны 1969-жылы аяктаган. Ош облусунда 30 жыл орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп эмгектенген.