Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков мамлекеттик кызматтарды жогорку билимсиз ээлеп жүргөнү тууралуу макала жарыяланды. Анда Момбековдун Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Юриспруденция» багыты боюнча жасалма диплом алып, аны менен Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын «Эл аралык байланыштар» багытына окууга тапшырганы айтылган.
Буга байланыштуу Дипакадемиянын Окумуштуулар кеңеши Мамлекеттик аттестациялык комиссиясынын «Эл аралык мамилелер боюнча адис» квалификациясын ыйгаруу тууралуу чечимин жараксыз деп таап, Момбековдун дипломун жокко чыгарган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМК тастыктады.