Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап жатканын жактоочусу айтып чыкты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начарлап жатканын жактоочусу Замир Жоошев айтып чыкты. Ал соцтармактагы баракчасына 47-колониянын дарыгерлеринин катын да тиркеген.

Катта мурдагы президенттин камакта кармоого болбогон жана сотторго катышууга тоскоолдук жараткан оорулары бар экендиги айтылат.