«Муунтуп… Күнөөнү мойнуна алганча кыйнашкан». Чоң-Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайындагылар арыз жазышты

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун аймактык башкармалыгынын жумушчу тобу 25-декабрда келип түшкөн арыздын негизинде, Чоң-Алай РИИБдин убактылуу кармоочу жайында текшерүү ишин жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган борбордон билдиришти.

Текшерүү учурунда изолятордо адам өлтүрүүгө шектелген Чоң-Алай районунун 1971-жылы туулган тургуну жана 1963-жылы туулган эки адам отурушкан. Кылмышка шектүүлөрдүн биринин айтымында, Чоң-Алай РИИБдин милиция кызматкерлери аны 16-октябрда кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен, эртеси күнү РИИБдин башчысынын иш бөлмөсүнө алып келишип, башына противогаз кийгизип, муунтуп, сабап баштаган. «Андан соң ал күнөөнү өз мойнуна алууга аргасыз болуп, башаламандыкты токтотууну суранган. Анын айтымында, кызматкерлер аны «Киши өлтүргөнүңдү мойнуңа албасаң, өзүң өлөсүң же өмүр бою майып болуп каласың» деп шылдыңдап, коркутуп-үркүтүүнү уланта беришкен. Ал күнөөсүн мойнуна алдыруу боюнча арызга кол койгонго чейин эки күн бою ушинтип кыйноого алынгандыгын айтууда”, — деп жазылат маалыматта. Экинчи шектүү кылмыштуу ишке шериктеш катары катышып жатканын жана «үстөмдүк астында» ичкилик ичкен шеригин өлтүрүп, сөөгүн каналга ыргытып жибергендигин кыйноо алдында билдиргенин айтты.

Кармалган эки адам тең борбордун өкүлдөрү менен баарлашуудан кийин, аларга карата кыйноолор колдонулгандыгы тууралуу арыз жазышкан. Бардык аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кызматкерлери тарабынан акт түзүлгөн. Ал материалдар текшерүү жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн компетенттүү органдарга жөнөтүлөт.