«Мяч» же «Мяк». Президент барган мектептеги тактага жазылган сөз боюнча түшүндүрмө беришти

Кечээ, 25-октябрда президент Садыр Жапаров Мыкан айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышкан эле. Президенттин сайтында жаңы ачылган мектептин сүрөттөрү жарыяланган. Сүрөттөрдүн арасында топ тартылып, бирок алдында «мяк» деген жазуусу бар сүрөт талкууга жем таштаган.

Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнөн «мяч» деген сөз атайын ушундай жазылганын маалымдашты. «Мяч» деген сөз атайын ката жазылган, анткени окуучулар бул катаны табышы керек болчу», — дешти алар.