Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, 9-июнь күнү Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Каракол шаарына караштуу Пристань-Пржевальск шаарчасынын эки тургунунун турак жайларында кечиктирилгис, мыйзам чегиндеги тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Тинтүү учурунда 1964-жылы туулган жарандын үйүнөн жалпы узундугу 4600 метрди түзгөн, мыйзамсыз колдонууга тыюу салынган 46 даана синтетикалык балык уулоочу тор жана 1 даана эки тактуу моторлуу кайык табылган.
Ошондой эле, 1987-жылы туулган жарандын үйүнөн 1 даана резина кайык жана болжол менен жапайы жаныбарларга таандык 3 даана тоо текенин мүйүзү, 1 даана кашкулактын териси, 1 даана чөөнүн териси табылып, далил зат катары алынган.
Аталган фактылар Ысык-Көл ОИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалган. Тергөө амалдары уланууда.












