Бишкекте бүгүн, 28-мартта «Мыйзамдуулук үчүн» тынчтык жүрүшү кайрадан өттү. Бул тууралуу митингдин катышуучулары социалдык тармактагы баракчаларына жарыялады.
Тынчтык жүрүшүнө 15 адам катышкан. Андагы жарандык активисттер салт болуп калгандай эле Темир жол вокзалына чогулуп, андан соң Эркиндик бульвары аркылуу «Ала-Тоо» аянтына чейин келишти.
Белгилей кетсек, «Баштан башта» кыймылы демилгелеген бул тынчтык жүрүшү 2020-жылдын 22-ноябрынан бери ар жекшемби сайын өтүп келет.