Abank_oct
SerepTV Logo

Нарын облусунда МИК тарабынан курулган жаңы турак жай комплекстеринин ачылыш аземи өттү

Нарын облусунда МИК тарабынан курулган жаңы турак жай комплекстеринин ачылыш аземи өттү
 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө онлайн режимде Кочкор районунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплекси да ачылды. Мамлекет башчысы учурда республиканын бардык аймактарында курулуш иштери активдүү жүрүп жатканын баса белгиледи. Ошол эле учурда калктын жашоо шарттарын жакшыртууга жана анын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган чаралар ырааттуу ишке ашырылып жатат. Бүгүн Нарын шаарында биринчи жолу 216 батирлүү заманбап турак жай комплекси, ал эми Кочкор районунда 217 батирлүү турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Белгиленгендей, турак жай комплекстеринде бардык зарыл шарттар каралган: балдар үчүн оюн аянтчалары, эс алуу жайлары, спорт аянтчалары, кеңсе бөлмөлөрү, унаа токтотуучу жайлар жана башка объектилер.

«Нарын дубанындагы жаңы үйлөрдүн курулуп бүтүшү – жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча ырааттуу ишибиздин кезектеги натыйжасы. Үйгө муктаж жарандарыбыз көптөн көп күткөн бул турак жайлар Нарын облусу үчүн маанилүү жетишкендик десем болот. Анткени ар бир батирдин артында бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тагдыры, ой-кыялы жана өлкө жетекчилигине болгон ишеними турат», — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров улам бир аймакта жеткиликтүү турак жайларды тапшыруу менен журтубуздун эртеңки жаркын келечекке болгон ишеними бекемделип, жарандардын мамлекетке сыйы артып жана жалпы элибиз күчтөнүп жатканына токтолду. Мына ошондуктан, үйгө муктаждарга турак жай куруу саясатын мындан ары дагы уланат. Жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулуштары аяктайт. Мындан тышкары Жумгал районунун Чаек айылында дагы 8 блоктон турган, 6 кабаттуу, 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды.

Мамлекет башчысы аймактарда орун алган кадрлардын жетишсиздигин белгиледи. Ушуга байланыштуу Садыр Жапаров тажрыйбалуу медициналык жана башка адистерди тартуу максатында 20 батирди Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине, дагы 20 кызматтык батирди Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнү туура көргөн. Ошондой эле президент облустун борборунда дагы бир катар социалдык объектилер ачыларын кошумчалады. Алардын ичинде “Нарын” маданий борбору шаар турмушуна жаңы дем берип, калаа тургундары үчүн билим алууга, чыгармачылык менен алектенүүгө жана өз жөндөмүн өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Жаштардын чыйрак, сак-саламат өсүүсү үчүн облус аймагына жалпы жонунан 51 кичи футбол аянтчасы курулду. Мамлекеттин максаты - жаш муундун өз жеринде өсүп-өнүгүшүнө, талантын ачып, өлкөбүздүн келечегине салым кошуусуна шарт түзүү болуп саналат. Ошол эле маалда облус борборунда тез жардам, төрөт бөлүмү баш болгон саламаттык жаатында 4 имарат, Нарын шаарында жана Кочкор айылында 2 стадиондун курулушу жүрүп жатат. Нарын шаары дарыяны бойлой жайгашкандыктан, баш-аягында эки гана көпүрө кызмат кылып келген болсо, элдин ыңгайлуулугу жана шаарды кеңейтүү максатында орто ченден дагы бир көпүрө салынууда.
 
Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүн жыл сайын өлкөнүн ар кайсы облустарында белгилөө жакшы салтка айланганын айтты. Ал келерки жылы Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги салтанаттуу иш-чаралар Нарын шаарында өтөрүн баса белгиледи. 2027-жылы Нарын облусун ар тараптан өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
«Өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө жеткиликтүү турак жайга муктаж. Биз элибиздин эртеңки Кыргызстандын жаркын келечегине, мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнө ишеничин актоо үчүн бул мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердигин улантабыз. Калктын жашоо деңгээлинин жогорулашы үчүн турак жай менен камсыздоо жаатындагы социалдык милдеттерибизди аткарабыз», — деп өзгөчө белгиледи Мамлекет башчысы.

Салтанаттуу ачылыштан кийин президент Садыр Жапаров аталган комплекстеги батирлерди көрүп, жашоо шарттары менен таанышты. Ошол эле жерде социалдык маселелерге, ошондой эле шаарды көрктөндүрүүгө жана мындан ары өнүктүрүүгө байланыштуу бир катар маселелерди көтөрүшкөн Нарын шаарынын тургундары менен баарлашты.
SEREP MEDIA