Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумду өткөрүү үчүн Нарын шаарында 21 шайлоо тилкеси эртең мененки саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын гимни менен ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
№4065 шайлоо тилкесинде өз добушун берген Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров шайлоонун жүрүшүнө ийгилик каалап, ынтымак менен таза өткөрүп алууну белгиледи. Нарын шаары боюнча жергиликтүү кеңештин деупутаттарын шайлоо үчүн 31 миң 5, референдум үчүн 30 миң 579 шайлоочунун тизмелери такталган.