Нарын шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Кумтөр бөлүп берген 100 тонна көмүр жардамга муктаж ар бир түтүнгө берилип жатат.
«Социалдык камсыздоо башкармалыгы тарабынан атайын тизмеге ылайык 10 каптан бөлүштүрүлүп берилүүдө»,— дешти.