Буга чейин милициядан Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жаракат алганын билдиришкен. Бүгүнкү күнү тургундар ок чыгарган жарандын айылдан көчүп кетүүсүн талап кылып жатышат. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка караганда, милиция жергиликтүү тургундар менен 3 жолу жолугушуу өткөргөн. «Айыл тургундарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн өкүлдөрү буга чейин айылдын башка тургундарына кысым көрсөтүп, ур-токмокко алуу фактылары катталып, адамдар ооруканага жеткирилген. Жергиликтүүлөр ок атылгандан кийин да кечирим сурап келбей, жабырлануучуларга жардам бербей жатканына нааразы. Мен башка тарап менен да жолуктум. Алар жарадар болгон балдарга жардам берүүгө даяр, бирок азырынча айылдаштарына баруудан коркуп жатышыптыр. Сүйлөшүп, аксакалдарды да угууну өтүндүк», — деди ОИИБдин начальниги Алмазбек Жумабеков.
- Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын тургунунун үйүнө Хутор-Ак-Талаа айылынын 30-40тай ошол эле айылдын тургундары чогулуп келишип, үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен койгулап талкалап, дарбазасынын сыртында токтоп турган Субару-Аутбек үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жатышкан учурда, үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган. Анын кесепетинен аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Жаракат алып ооруканага түшкөн үчөөнүн абалы оор болгондуктан, медициналык жардам көрсөтүү максатында операция жасалган, ал эми калган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.