Назира Бердигулова “Күйөөм чаарала деп кемсинтет” деген келиндин улуу кызын мектепке киргизүүнү убадалады

SUPERTV каналы “Тагдыр” рубрикасынын алкагында ала оорусу менен жабыркап, жакында көз жаруунун алдында турган Назгүл Акматова аттуу келиндин тагдырын чагылдырган.

Видео чыккандан көп өтпөй, ага жардам бергендердин саны арбыды. Алардын арасында актриса Назира Бердигулова да бар. Ал каарманыбыздын улуу кызын мектепке кирүүсүнө жардам берерин убадалады. “Улуу кызыңыз мектеп жашына жетип калган экен. Анын мектепке кирүүсүнө жардам берем. Ошондой эле окуу куралдары, мектеп формасы менен камсыз кылабыз”, — деди актриса.

Каарманыбыз актриса менен тиш доктурга, гинекологго барып көрүнүп, дүкөндөн кийинип, салонго барып сулууланып, алтургай калкты тейлөө борборуна да барып, паспорт алуу үчүн арыз калтырды. Назгүл Акматованын кандай өзгөргөнү тууралуу чыгарылышты алдыдагы сааттарда SUPERTV Ютуб каналынан көрө аласыздар.