Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин иши боюнча алгачкы соттук отурум болду.
Бүгүн жактоочу баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок сот адвокаттардын арызын канааттандырган жок. Таалай Дүйшөнбиев 3-августка чейин камакта болот. Соттук иш 21-июлда уланат.
Аталган канал Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысынын айтканына шилтеме берүү менен маалымат жарыялап, аны социалдык түйүндөрдө таратканы үчүн кылмыш иши ачылганы маалым болгон. Экспертиза бул маалыматта «улуттар аралык кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан. Каналдын директору кармалып, камакка алынган.