Ноокатта үй-бүлө мүчөлөрү тамакка ууланган деген шек менен ооруканага кайрылышкан

Ноокатта үй-бүлө мүчөлөрү тамакка ууланган деген шек менен ооруканага кайрылышты. Бул тууралуу журналисттерге аймактык оорукананын директору Асамидин Марипов билдирди.

Анын айтымында, бейтаптар амбулаторлук жардам алышкан. Мирмахмудов айыл аймагынын жашоочусу аял киши ооруканага 4 баласы менен кайрылган. Алар таттуу жегенден кийин ден соолугу начарлап баштаганын айткан.

«Аларга жардам көрсөтүлүп, үйүнө кетишти. Анализдери лабораторияга жиберилди», — деп айтылат маалыматта. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, алар торт алышып, туура эмес сакташкан.