Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жана анын жубайы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштеген тез татым ашканасына барышты. Белгилей кетсек, сүрөт 12-декабрь күнү кечинде Новиков «Кылым карытар бир күн» спектаклин көргөнү баргандан кийин тартылган дешүүдө. Сүрөттөн түгөйлөрдүн тез татым даярдалчу чакан ашканада отургандыгын көрүүгө болот.
Аймактарга барган иш сапарларында калпак кийип, кыргызча сүйлөп, эми минтип жубайы менен чакан жана өзгөчө ашканага барган Новиков коомчулук тарабынан жылуу пикирлерди жаратып жатат.














