Abank_nov
SerepTV Logo

Бишкектеги онлайн-казино: кирешелерди жашыруу жана салыктан качуу фактылары текшерилүүдө

Бишкектеги онлайн-казино: кирешелерди жашыруу жана салыктан качуу фактылары текшерилүүдө
 
Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Бишкек шаарынын аймагында онлайн-кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруп келген жайдын ишмердүүлүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинде каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин алкагында кумар оюндары уюштурулган жайда тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында онлайн-кумар оюндарын өткөрүү үчүн пайдаланылган 276 оюн автоматы табылган. Аныкталган жайдын өзгөчөлүгү кумар оюндары онлайн форматта, бирок физикалык оюн автоматтарын колдонуу менен өткөрүлгөндүгүндө болгон. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн оюнчулар уюлдук телефондор аркылуу автоматтарга туташып, коюмдарды коюп, оюндарга аралыктан катышып келишкен. Казинолордун кардарлары чет өлкөлүк жарандар болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө онлайн-кумар оюндарын уюштурган компания 2024-жылы мамлекеттик каттоодон өтүп, тиешелүү лицензия алгандыгы аныкталган. Бирок ал каттоодон өткөндөн тартып мамлекеттик бюджетке салык төлөгөн эмес. Учурда кирешелерди жашыруу, мыйзамсыз пайда табуу, акча каражаттарын адалдоо, ошондой эле бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөө фактылары текшерилүүдө.

Аталган ишмердүүлүккө тиешеси бар деп шектелген жарандар аныкталган. Тергөө кызматына 1983-жылы туулган А.А., 2002-жылы туулган С.Г., 2004-жылы туулган Б.И., ошондой эле чет өлкөлүк жарандар 1986-жылы туулган Т.С. жана 1982-жылы туулган С.М. аттуулар жеткирилген. Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын ар тараптуу жана толук аныктоого, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн тактоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
SEREP MEDIA