Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Сатаров Нурбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Ал 2023-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын мартына чейин Нарын облусунун башчысынын орун басары болгон, ага чейин Ат-Башы районун акими, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри да болуп иштеген.








