Казакстандык куудул Нурлан Сабуров Москванын Шереметьево аэропортунда кармалганын Tengri Life жазды.
Маалыматка караганда, ал миграция мыйзамдарын бузган. Ага 5 миң рубль айып салынган.
Сабуров белгиленген мөөнөттө өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш. Бирок кайра кирүүгө тыюу салынган эмес. Анын менеджери журналисттерге комментарий берүүдөн баш тарткан.










