Бүгүн, 26-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен шаарындагы Аксы райондук мамлекеттик архивинин имаратынын ачылыш аземине катышты.
Алсак, Аксы райондук мамлекеттик архиви тарыхый маалыматтарда 1939-жылдан бери иштеп келгендиги айтылат. Бирок азыркы күнгө чейин атайын имаратка ээ болгон эмес. Мекеме ар кайсы жерде жайгашып, документтерди талаптагыдай сактоодо көйгөйлөр жаралган. Андыктан бүгүнкү ачылып жаткан имарат райондук архив үчүн эле эмес, мамлекет үчүн да маанилүү экенин айткан төрага «Жалпы Кыргызстан боюнча 1975-2000-жылдар аралыгында архивдик мекемелер үчүн сегиз гана имарат курулган. Ал эми акыркы эле жылдары беш архивдик имарат салынып, ишке берилди. Мындай саамалыктар дагы да уланат. Биз тарыхый маалыматтардын булагы саналган архивдерге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Айрыкча заманбап мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, документтерди санариптештирүүгө басым жасашыбыз зарыл», — деди.
Андан соң, төрага Кербен шаарындагы Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын имаратынын ачылышына да катышты.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 5-январда өлкө аймактарында кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-9, күндүз +2…+5; Талас жергесинде түнкүсүн...
Жаныш Бакиев Кыргызстанда жүрөт деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Социалдык тармактарда кыргызстандын Мамлекеттик күзөт...
Бишкектен 13 автобус Токмок жана Балыкчы шаарларына берилет. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу...
Бүгүн, 4-январда "Ош" аэропортундагы бир нече каттам "Манас" аэропортуна жөнөтүлдү. Тумандан улам азыркы тапта "Ош" аэропортундагы эл аралык да, жергиликтүү...
Бишкекте 14 жаштагы Ислам изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ислам Мамырканов 2024-жылдын 28-декабрында...